super.kg logo

Вице-мэр: "Бишкекте суу мынчалык тартыш болорун билген эмеспиз"

 

Суу мынчалык тартыш болорун билген эмеспиз. Бул туурасында Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев парламенттин бүгүнкү, 8-июндагы жыйынында билдирди.

Жыйында эл өкүлү Дастан Бекешев "ушундай тартыштык жараларын алдын ала билдиңер беле?" деп сурады.

"Жер астындагы суу ушунчалык төмөн түшүп кетерин билген эмеспиз", - деп жооп берди вице-мэр.

Андан соң депутат алдын ала божомолдор жоктугун сындап, Улуттук илимдер академиясынын сунуштарын эч ким окубай турганын жана муниципалитеттин синоптиктер, Геодезия кызматы менен тыгыз иштебегенин белгиледи.
"Булар боюнча иштеп жатабыз. Аламүдүн районунун аймагынан суу кампа куруу үчүн биз тараптан 3 жылдан бери жер суралып жатат. Жакында эле бул көйгөй өкмөттүн деңгээлинде, президенттик администрацияда көтөрүлүп, жер бөлүп берүү боюнча протоколдук тапшырмалар берилген", - деди Шамыралиев.
Дастан Бекешов "эгерде жер бөлүнүп берилсе, суу кампаларын куруу үчүн шаардын бюджетинде акча барбы?" деп сурады.
Вице-мэр жер бөлүнүп берилсе эле, мэрия каражатты таба турганын айтты.
Эскерте кетсек, учурда Жогорку Кеңештин депутаттары борбор калаада жаралган суу көйгөйү боюнча аткаруу бийлигинин жана мэриянын маалыматын угуп жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: