super.kg logo
  Саясат  

Эл өкүлү: "Бир сөздү 10 жолу кайталатпай, вице-мэрди резинка өтүк кийгизип, суунун башына айдайлы"

 

Вице-мэрди резинка өтүк кийгизип, суунун башына айдоо сунушу айтылды. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 8-июндагы жыйынында эл өкүлү Кундузбек Сулайманов көтөрүп чыкты.

"Жанатан бери байкасаңыздар вице-мэрдин жообу кайра-кайра кайталанып жатат. Азыр бул жерде салкында жыргап отурат, бир сөздү 10 жолу кайталап коюп. Муну "бар сууну чыгар" деп резинка өтүк кийгизип, ысыкта кайра ошол жакка айдаш керек. Менин сунушум суроолорду кыскартып, иштетпейлиби, бул жерде отурганда эмне? Мэр өзү да Сочиде экен, кол коё турган иштери болсо керек. Биздин тармактык комитеттерден кошуп, бүт керектүү кызматкерлердин баарын суунун башына айдаш керек", - деди эл өкүлү.

Сулайманов ошондой эле Арча-Бешик конушунда эл "жерди казып коюп кетип калышты, иштебей жатат" деп даттанып жатканын белгиледи.
Мындан улам депутат суроо-жоопту токтотууну сунуштады, бирок кесиптештери каршы болуп, жыйын саат 13:00гө чейин уланды.





Жогорку Кеңеш 08.06.23.

Жогорку Кеңеш 08.06.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: