Парламент комитети Бишкектеги суу көйгөйүн чечүүгө 150 миллион сом бөлүп берүүнү колдоду
Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети Бишкектеги суу көйгөйүн чечүүгө 150 миллион сом бөлүп берүүнү колдоду.
Ага чейин парламенттин жыйынында эл өкүлү Марлен Маматалиев тез аранын ичинде комитеттин жыйынына чогулуп, каражат бөлүп берүү боюнча чечим кабыл алууну сунуштаган.
Мунун алдында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев суу тартыштыгын чечүү үчүн 500 миллиондой сом керектигин билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

