super.kg logo

Санарип министрлиги: "Жарандар чет өлкөгө чыгуу алдында карыздарын текшертүүсү зарыл"

 

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандан сыртка чыгууну пландаган жарандарга милдеттүү түрдө соттук аткаруучулар линиясы боюнча карыздарынын бар экендигин текшерүүнү эскертти.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкөдөн сыртка кетип жаткан жана жалпысынан укуктук мамилелерди жүзөгө ашырган жарандар онлайн форматта сот кызматкерлеринин линиясы аркылуу карызын оңой текшерсе болот. Ал үчүн:

1. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына кирүү portal.tunduk.kg;

2. "Соттук аткаруучулардын линиясы боюнча карыздардын бар экендигин текшерүү (авторизациясыз)" кызматын тандоо;

3. Жеке идентификациялык номерди киргизип, "текшерүү" басуу керек.

Министрликтин маалыматына караганда, карыздарды өз убагында төлөбөө кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө камак салуу, өлкө аймагынан чыгууга чектөө коюу, банктык эсептерди бөгөө, ошондой эле мыйзамда каралган башка жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: