Бишкекте дагы бир бала бакчанын курулуш иштери башталды
Бишкектин Көк-Жар конушунда 280 балага ылайыкталган бала бакчанын курулуш иштери башталды. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, мектепке чейинки мекеме эки кабаттан турат. Имараттын жалпы аянты 2927 чарчы метрди түзсө, жердин аянты 0,8 гектарды түзөт.
Имаратта кийинүү, ойной турчу жай, кампа, уктоочу жай, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана бар. Ошондой эле медициналык, изоляциялык ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, ошондой эле машыгуу залы, музыкалык зал каралган.
Белгилей кетсек, учурда бала бакчанын котлованын казып, пайдубалдын негизин жана тирөөч дубалдарын орнотуу жумуштары аяктады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-09
22:08
2025-07-08

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.