super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Босния жана Герцеговинанын Президиумунун төрайымы менен жолугушту

 

Бүгүн, 8-июнда президент Садыр Жапаров Казакстанга болгон иш сапарынын, Эл аралык Астана форумунун алкагында Босния жана Герцеговинанын Президиумунун төрайымы Желька Цвиянович менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана келечеги, бардык тармактардагы өз ара аракеттенүүнү арттыруу боюнча чаралар жөнүндө баарлашты.

Мамлекет башчылары биргелешкен аракеттер менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүн болоруна ишенимин билдиришти.

Эки өлкөдө тең саясий байланыштарды, экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана туризмди өнүктүрүү үчүн жетиштүү потенциал бар экени белгиленди.

Эки лидер мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бири-бирин өз өлкөлөрүнө сапар менен барууга чакырышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: