super.kg logo
  Саясат  

"Каякта иштеримди билесиз да". Депутат менен президенттин кеңешчиси кайым айтышты

 

Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевди "төңкөрүш болсо депутаттар качып кетет" деп айтканы үчүн зекиди.

Вице-спикер тармактык комитетте "Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатканда Абыкеев өлкөдө бир нерсе болуп кетсе депутаттар качып кетерин айтып, мындайда курултайчылар чогуларын билдиргенин эске салды.

"Өткөндө сиз айтыптырыз. Мен байкабай, башка бирөөнү айтып, аны залдан чыгарып ийиптирбиз. Депутаттар каякта качып жүрдү эле, жооп берип коюңузчу?" деди Сыдыгалиев.

Ал эми Абыкеев андай сөздү айтпаганын билдирди.

Мындан улам вице-спикер Чолпонбек Абыкеев калп айтып жатканын айтып, президенттин жанында калпычы эмес, чындыкты бетке айткандар болушу керектигин белгиледи.

"Президенттин жанында алдамчы, калпычы кишилер жүрбөшү керек. Анын жанында чындыкты бетке айткан адамдар жүрүшү зарыл. Сиз ушул жерде калп айтып отурасыз. 4-октябрда өзүңүз каякта жүрдүңүз эле? Сиз качып кетти деген 6-чакырылыштын депутаттары да ушул жерде отурат, бетине айтыңызчы.

Айта албасаңыз мен айтып коёюн, башаламандыктан кийин 5-октябрда сүйлөшүүлөр жүрүп, 6-октябрда "Достук" мейманканасына чогулуп спикер Дастан Жумабеков арызын жазып кетип Мыктыбек Абдылдаевди шайлаганбыз.

Ошол кездеги премьер-министрдин арызын кабыл алып, Садыр Нургожоевичти премьер-министр кылып бекитип бергенбиз. Депутаттар бир ай жок болуп кетти" деп ошондогу чечимдердин баары мыйзамсыз болду деп жатасызбы ошондо? Ар бир сөздү ойлонуп сүйлөш керек. Биз шайлап берген үчүн иштеп келе жатат", - деди вице-спикер.

Вице-спикер бирөөгө жалаа жапканды токтотууну талап кылды.
30-майда "Элдик Курултай жөнүндөгү" мыйзам долбоору тармактык комитетте каралган. Анда Абыкеев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып 2020-жылдагы Октябрь окуясында парламент депутаттары кетип калганын айтып, эми курултай чогулат деген пикирин билдирген. Анын айтканы депутаттардын нааразычылыгын жараткан.
Белгилей кетсек, Чолпонбек Абыкеев "Элдик курултай тууралуу" мыйзам долбоорун иштеп чыккан жумушчу топтун жетекчиси.





Жогорку Кеңеш 08.06.23.

Жогорку Кеңеш 08.06.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: