super.kg logo
  Саясат  

Нуржигит Кадырбеков элге кайрылуу жасады (видео)

 

Бүгүн, 8-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков элди таза сууну сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.

Эл өкүлү мамлекеттик кызматкерлер бул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек деп эсептейт.

"Суу сыйлаган зор болор, суу кордогон кор болор дейт. Урматтуу мекендештерим, сууну өзүбүз да өтө ысырап кылып жатабыз. Тишин жууп бүткүчө сууну агызып койгондорду көрүп эле жүрөбүз. Душ, мончолорду айтпай эле коёлу. Кир жууйсуңбу, идиш жууйсуңбу, айтор ысырапкор болбой сарамжалдуу бололу. Кандай амал болсо, ошого жараша акыбал келет", - деди Кадырбеков.

Ошондой эле ал сууга мамлекеттик деңгээлде аяр мамиле жасаш керектигин кошумчалады.

"Чаткалдын алтынын казабыз деп жатып, бир дарыяны жок кылдык. Азыр Аксыда мөңгүгө жакын жерде кытайлык компания алтын казып жатыптыр. Ал жерден 4 суу агат экен, ошолорду жок кылуу алдында турабыз. Алтының эртең түгөнөт, бирок суусуз адам жашай албайт. "Алтын, күмүш - таш, арпа, буудай - аш" деген кыргыздын жакшы сөзү бар. Кен байлыктарды казабыз деп жатып сууларды жок кылып албайлы", - деди эл өкүлү.

Кадырбеков президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылып, бул маселе көңүл бурууга чакырды.

SUPER.KG порталынын телеграм каналына катталыңыз.






Жогорку Кеңеш 08.06.23.

Жогорку Кеңеш 08.06.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: