super.kg logo
  Саясат  

Парламент Ысык-Көлдөгү №354 мөңгүгө шейх Нахаяндын атын берүүнү жактырды

 

Бүгүн, 8-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан №354 мөңгүгө Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) шейхи Заид бин Султан Аль Нахаяндын ысымын ыйгаруу жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Өлкө башчы Садыр Жапаров былтыр 28-октябрда аталган мөңгүгө шейх Аль-Нахаяндын ысымын берүү тууралуу чечим кабыл алган. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мындай чечим эки өлкөнүн алакасын чыңдоо максатында кабыл алынганын билдирген.

Талкуу маалында депутат Адахан Мадумаров мөңгүлөргө Кыргызстандын көрүнүктүү инсандарынын аты ыйгарылбай, чет өлкөлүк лидерлердин ысымы берилип жатканын сындады. Бул пикирди Марат Мураталиев, Мирлан Самыйкожо, Русланбек Жакышов колдошту.

Ал эми Балбак Түлөбаев, Коргонбай Жусупбек уулу, Кундузбек Сулайманов, Аманкан Кенжебаев мөңгүгө аталышты ыйгаруу дос мамлекеттин лидерине, негиздөөчүсүнө болгон сый-урматтын белгиси, эки элдин достугунун символу экенин белгилешти. Эл өкүлдөрү бул дүйнө жүзүндө кеңири тараган тажрыйба экенин айтып, мисал катары залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы дүйнө жүзү боюнча көптөгөн объектилерге ыйгарылганын эске салышты.

Андан тышкары, “Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак массивинде жайгашкан №331 аты жок мөңгүгө “Король Абдулазиз” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян жыйырманчы кылымдын көрүнүктүү тарыхый инсаны, БАЭнин негиздөөчүсү жана биринчи (1971-2004) президенти.






Жогорку Кеңеш 08.06.23.

Жогорку Кеңеш 08.06.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: