super.kg logo
  Саясат  

ЕАЭБ өлкөлөрү бири-биринин илимий даражаларын таанымай болду

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын Сочи шаарына болгон иш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген форматтагы жыйынына катышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, өз сөзүндө Акылбек Жапаров Евразия экономикалык биримдиги түзүлгөн 9 жыл ичинде өзүнүн чоң интеграциялык потенциалын көрсөткөнүн белгиледи.

Ошондой эле ал жыйындын жүрүшүндө кол коюлган биримдикке мүчө мамлекеттерде илимий даражалар боюнча документтерди өз ара таануу жөнүндөгү макулдашуунун маанилүүлүгүн белгилеп, бул документ 9 жылдан бери даярдалып жатканын кошумчалады.

II Евразия экономикалык форумдун пленардык жыйынында жана Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында Кыргызстандын президенти тарабынан бардык 5 өлкөнүн жарандары үчүн эң жакшы шарттарды түзүү зарылчылыгына өзгөчө басым жасалган, бул биримдиктин каалаган мамлекетине келгенде жарандар өздөрүн өз үйүндө жүргөндөй ыңгайлуу сезип, иштеп, окуп же бизнес жүргүзө алышат. Мен бул пикирди толугу менен колдойм жана ал биздин интеграциялык бирикменин маанилүү элементтеринин бири болуп калышы керек деп эсептейм”, - деди Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: