Эмил Жамгырчиев Бишкек мэриясынын унаа жуучу жайларды жапканын сынга алды
Бүгүн, 8-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев Бишкек мэриясынын калаадагы унаа жуучу жайлар менен мончолорду жаап жатканын сынга алды.
"Үймө-үй кыдырып мончолорду, унаа жуучу жайларды жаап жатасыңар. Бирок эл унаасы кир боюнча жүрбөйт да. Анан алар үйүнөн шланг менен жууйт, суу он эсе көп кетет. Экинчиден, ал унаа жуучу жайларды, мончолорду иштеткен ишкерлер акчаны асмандан алган жок да. Балким, алар олчойгон насыя төлөп жатышкандыр. Бир жагын оңдойм деп, башка жагын бүлдүргөн болбойт да", - деди Жамгырчиев.
Ошондой эле ал мэриянын өкүлдөрүн бир нерсе кыларда анализдеп туруп кадам таштоого чакырды.
Белгилей кетсек, калаа бийлиги 3-июнда ичүүчү суунун жетишсиздигинен улам борбордо мончолор жана унаа жуучу жайлар убактылуу жабылып жатканын билдирген. Ал эми "Бишкек суу канал" ишканасы кечээкиге карата Бишкекте ичүүчү сууну колдонгон 100гө жакын объектке таза суу берүү токтотулганын маалымдаган.
Жогорку Кеңеш 08.06.23.
Жогорку Кеңеш 08.06.23.




