Египетте 23 жаштагы жигитти атасынын көзүнчө акула жеп салды (видео)
Египеттин белгилүү Хургада курортунда акула 23 жаштагы баланы атасынын көзүнчө тиштеп өлтүрүп салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, кырсык бейшемби күнү, 8-июнда Dream Beach мейманканасынын пляжында болгон. Анда акула адамдарга кол салган. Окуянын күбөсүнүн айтымында, акула кол салуу учурунда жигит "ата" деп кыйкырган. Бала атасынын көзүнчө каза болгон.
Каза болгон жигит Орусиядан келген.
Акула бир мүнөткө жетпей жигитти жалмаган. Адамдарга кол салган акула кармалып, пляж жабылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-06-27
23:28
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
baltabai

10.06.2023. 18:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болдуго
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.