super.kg logo

Арзыбек Кожошев Сочиде Евразия конгрессинин алкагындагы сессияга катышты

 

Бүгүн, 9-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев Сочиде Евразия конгрессинин алкагында өтүп жаткан "Евразиядагы транспорттук логистика" сессиясында баяндамачы катары сөз сүйлөдү.

Маалыматка ылайык, Арзыбек Кожошев өз сөзүндө ЕЭКтин "бештикке" кирген өлкөлөрдүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүнү координациялоо боюнча алып барылып жаткан иши жөнүндө маалымат берди. Евразиялык биримдиктин транспорттук системаларынын алкагын түзгөн евразиялык транспорт коридорлорун түзүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган чараларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн өзгөчө баса белгиледи.

Ошондой эле, министр ЕАЭБдин артыкчылыктуу транспорттук долбоорлоруна токтолуп, алардын масштабын жана евразиялык экономикалык интеграция үчүн маанисин дагы баса белгиледи. Мындан тышкары, кабыл алынган документте чагылдырылган жети долбоорго токтолуп, документ жаңы демилгелерге ачык экенин белгилеп өттү.

Мындан сырткары, Арзыбек Кожошев биримдик үчүн интеграциялык эффект мүмкүн болгон улуттук транспорттук долбоорлорго өзүнчө токтолду.

"Биримдикте улуттук деңгээлде ишке ашырылып жаткан инфраструктуралык долбоорлор бирдей маанилүү роль ойнойт. Мисалы, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору, анын ишке ашырылышы учурдагы коридорду 900 чакырымдан ашык кыскартат, ал эми темир жолдун курулушу бул мамлекеттердин ортосундагы сооданын көлөмүн жогорулатат, жаңы логистикалык байланыштарды курат, жүктөрдү каттамдагы өлкөлөргө гана эмес, башка аймактарга да жеткирет", - деди министр.

Сессияда транспортту санариптештирүү маселелери да козголду. Анда министр Арзыбек Кожошев бул багыттагы негизги жетишкендиктер менен тааныштырып, навигациялык пломбаларды колдонуу, жүк темир жол ташууларын санариптештирүү, деңиз өткөрмө бекеттеринде электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүү, экосистеманы калыптандыруу сыяктуу ЕАЭБдин учурдагы санариптик демилгелерине токтолду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: