"ЗИЛдин газ баллону жарылып". Чүйдө эки оор жүк ташуучу унаа өрттөнүп кетти (видео)
Чүйдө эки оор жүк ташуучу унаа өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.
Ага ылайык, 9-июндун кечинде Жайыл районуна караштуу Калининская айылында эки унаа өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Алдын ала маалымат боюнча, жүк ташуучу ЗИЛ унаасынын газ балону жерге түшүп кеткендиктен жарылып, өрт чыккан. Натыйжада ЗИЛ унаасы толугу менен күйүп, жанында турган КамАЗ унаасындагы 180 түк чөпкө өтүп, толугу менен өрттөнгөн.
"Өрттү өчүрүүгө жерине саат 20:13тө Жайыл райондук №22 ӨККБдан 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Өрт саат 21:14тө толук өчүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Видео: ӨКМ
Видео: ӨКМ
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.