super.kg logo
  Саясат  

"Акылга сыйбаган чечим". Депутат Өмүрбек Бакиров соттун чечими боюнча билдирүү жасады

 

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров өзү шайланып келген Ноокаттагы №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган соттун чечимин "акылга сыйбаган, мыйзамсыз чечим" деп атады. Бул тууралуу эл өкүлү социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Бишкек шаардык административдик соту 7-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарганы маалым болгон. Соттун чечимине ылайык, БШКнын аталган округда шайлоо өткөнү тууралуу жана Өмүрбек Бакировду Жогорку Кеңештин депутаты деп тааныган чечимдери дагы жокко чыгарылган.

"Бул акылга сыйбаган, мыйзамсыз чечим экени ачык көрүнүп турат. Мен Бишкек шаардык администрадивдик сотунун чечими менен макул эмесмин. Мындан ары жогорку инстанцияга кайрылабыз. Адилеттүүлүк жеңет деп ишенем, мыйзамдуулук орнойт деп үмүт кылам. Бүгүнкү күндө өзүмдүн депутаттык милдетимди аткарып жатам. Эл ишеним менен берген депутаттык мандатты эч кимдин тартып алууга укугу жок", - деп жазды Бакиров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: