Сот Дамира Ниязалиеванын добуштарын жокко чыгаруу боюнча БШКнын чечимин колдоду

Маалыматка ылайык, Ниязалиева БШКнын чечимин мыйзамсыз деп табууну өтүнүп, сотко кайрылган. Сот анын арызын 9-июнда караган.
5-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Муну менен анын шайлоодо алган добуштары дагы жокко чыгарылган. Комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова талапкер бул чечим менен макул болбосо, сотко даттанууга укуктуу экенин белгилеген.
Белгилей кетсек, 28-майда Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына кезексиз шайлоо өтүп, анда алдын ала жыйынтык боюнча Дамира Ниязалиева жеңишке жеткен. Ал 6 249 добуш (35,86 пайыз) алган.
Мыйзам боюнча, эгерде шайлоого катышкандардын жалпы санынын үчтөн биринин добуштары жараксыз деп табылса, БШК "шайлоонун жыйынтыгы анык эмес" деген бүтүм чыгарат. Мындай учурда бир айдын ичинде кайра шайлоо өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:16
2025-07-03

16:30
2025-07-03
15:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.