super.kg logo

Бишкектеги Арча-Бешик конушунда жаңы таза суу линиясы курулууда (сүрөт)

 

Бишкектин Арча-Бешик конушунда жаңы таза суу линиясы курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда калаа мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, мэр Эмилбек Абдыкадыров бүгүн Арча-Бешик конушундагы жаңы таза суу линиясынын курулушу менен таанышып, суу чарба тармагына курулуштун мөөнөтүн тездетүүнү тапшырды.

"Диаметри 200 мм болгон суу түтүгү Айылчиев көчөсүн бойлой Ыбырайым Абдрахманов көчөсүнөн Жайыл баатыр көчөсүнүн түштүк тарабына чейин төшөлүүдө. Бүгүнкү күндө траншеяларга 700гө жакын түтүк төшөлүп, ага катарлаш курулуш объектисинде топуракты толтуруу иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Бул Арча-Бешик конушунун ылдыйкы бөлүгүн кошумча суу менен камсыздоочу жана оңдоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүүчү конуштагы үчүнчү суу линиясы экени кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: