Садыр Жапаров сынга алган Тамчыдагы аялдаманын ордуна жаңысы курулду (видео)







Ысык-Көлдөгү "Тамчы" аэропортунун маңдайындагы чуу жараткан аялдамалардын ордуна жаңысы курулду. Бул тууралуу Чырпыкты айылынын Жаштар уюмунан билдирди.
Курулуш иштерине 351 миң сом сарпталганы маалым болду. Анын тегерегинин баары айнек менен тосулган. Түнкүсүн күйүп-жанып турат.
Башкы прокуратура 20-майда Ысык-Көл районун өнүктүрүү фондунун директору менен Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы кармалгандыгын билдирген. Анда "Тамчы" аэропортунун маңдайындагы эки аялдама пунктунун курулушунун мыйзамдуулугу текшерилип, талаптагыдай салынбаганына карабастан, 844 миң 100 сом фонддон которулгандыгы аныкталып, кылмыш иши козголгон.
Өлкө башчы Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарынын жашоочулары менен жолугушуу учурунда Тамчы айылына курулган аялдаманы кескин сынга алган. Президент өз сөзүндө мындай аялдаманы 844 миң эмес, 40 миң сомго дагы курбайт болчумун деген.
Тамчыдагы аялдамалардын ордуна жаңысы курулду
Тамчыдагы аялдамалардын ордуна жаңысы курулду




1 |