Бишкекте Дзюдо боюнча Азия кубогу өтүүдө






Кечээ, 10-июнда Бишкектеги "Газпром" ден-соолукту чыңдоо борборунда дзюдо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында "Эр Жанек" Азия кубогунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев, "Тосор Коому" коомдук бирикмесинин төрагасы Айбек Сарыгулов катышты.
Мелдешке жалпы 9 өлкөдөн (Багама, Беларусь, Казакстан, Литва, Непал, Түркмөнстан, АКШ, Өзбекстан жана Кыргызстан) 200дөн ашык спортчу катышууда. Кыргызстандан 62 спортчу күч сынашат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.