Бишкекте шаардыктар үчүн жаңы эс алуучу аянт ачылды





Борбор калаада Алтымышев жана Тыныбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жаңы аянт ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, чакырылган коноктор балдарды жана шаар тургундарын заманбап, көп функционалдуу аянтчанын ачылышы менен куттуктады. Ошондой эле жаңы аянтчадагы тартип, жабдуулардын абалы тургундардын кылдат жана камкор мамилесинен көз каранды экенин белгилешти.
"Жаңы аянт волейбол жана баскетбол аянтчалары, балдар аянтчасы, воркаут зонасы, шахмат столу менен жабдылган. Аянтчанын периметри боюнча ирригациялык система жана жарыктандыруу орнотулуп, аянтка брусчатка төшөлүп, спектаклдер үчүн аянтча орнотулуп, бак-дарактар отургузулган. Жалпы аянты 0,972 гектарды түзөт", - деп билдирди мекемеден.
Белгилей кетсек, эс алуучу аянттын курулуш иштерин «БМ Ассист» ЖЧК подряддык уюму жүргүзгөн.

