super.kg logo

Ноокенде жаңгак токойдун зыянкеч курттардан жабыркашы: Токой кызматы үн катты

 

9-июнда ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылган Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну райондогу жаңгак токойлору зыянкеч курттардан жабыркап жатканын кабарлаган.

Окурмандын айтымында, жаңгак дарактарын зыянкеч курттар жеп, токой кургап баратат. Бул көйгөйгө токой чарба кызматкерлери тарабынан эч кандай чара көрүлбөй жатканын айтып, буга бийлик көңүл бурса деген пикирин билдирген болчу.

Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынан аталган токойдо зыянкеч курттарга каршы дарылоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын маалымдашты.

"Токойлорду коргоо жана сактоо станциясы кызматкерлер 5-июндан 9-июнга чейин Тоскоол-Ата токой чарбасында токой илдеттерине жана зыянкечтерге каршы дарылоо иш-чараларын жүргүздү. Тактап айтканда, 2023-жылдын март айында түгөйсүз жибек көпөлөгүнө каршы 2735 гектар токой аянты Вирин-ЭНШ вирустук препараты менен дарыланган. Ошондой эле мистенин септериоз илдетине каршы Бактофит СК препараты менен 1800 гектар токой аянтына, түгөйсүз жибек көпөлөгүнө каршы Лепидоцид СК препараты менен 1050 гектарга дары чачылды" деп билдиришти мекемеден.






Ноокенде жаңгак токойду зянкеч курттардын капташы: Токой кызматы үн катты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: