super.kg logo

 MegaPay‘де Кыргызстандын 8 банкынын карталарына ылдам акча которуу жеткиликтүү

 

MegaPay мобилдик тиркемеси мурдагыдан дагы ыңгайлуу жана функционалдуу болуп калды. Заманбап санариптик сервистерден пайдаланууну жактырган тиркеменин колдонуучулары эми телефондун балансынан Кыргызстандагы сегиз банктын карталарын толуктай алышат. Тиркеменин колдонуучулары үчүн жеткиликтүү болгон банктардын тизмеси «Кыргыз-Швейцария Банкы» менен толукталды.

Кызмат үчүн алынуучу комиссия 0 сом! Колдонуучулар смартфон аркылуу жүргүзүлүүчү каржы операцияларын 24/7 режиминде бир нече баскычтын жардамы менен гана ишке ашыра алышат.

MegaPay’ден кайсы банктардын карталарын жана эсептерин комиссиясыз толуктаса болот?

· «Айыл Банк» ААКы;

· «Бакай Банк» ААКы;

· «Кыргызстан Коммерциялык банкы» (MBANK) ААКы;

· Банк «Бай-Tушум» ААКы;

· «РСК Банк» ААКы;

· «ФинансКредитБанк» ААКы;

· «Халык Банк Кыргызстан» ААКы;

· «Кыргыз-Швейцария Банкы» ЖАК.

Толуктоо үчүн:

  • Google Play же App Store‘дон MegaPay тиркемесин жүктөп же жаңылап алуу;
  • Башкы менюдан “Которуулар” бөлүмүн тандап, реквизитти жазуу, андан соң экранда пайда болгон банктардын тизмесинен тиешелүү банкты тандап, телефон номери, карта номери же эсеп аркылуу которуу;

же болбосо

  • Башкы менюдан “Картаны толуктоо” баракчасын тандоо же “Төлөм” бөлүмүнөн “Банк кызматтары” баскычын басуу;
  • Тизмеден тиешелүү банкты тандап, картанын номерин же карта эсебин жазуу, тиешелүү сумманы жазып, транзакцияны тастыктоо.

Даяр!

Онлайн-толуктоо абоненттерди банктардын кеңселерине баруу убаракерчилигинен бошотот. Муну менен катар, акча каражаты которулган эсепке көз ачып жумганча келип түшөт, ал эми транзакциянын чектери “Төлөмдөр тарыхы” бөлүмүндө сакталып калат.

MegaPayсиздин ишенимдүү жардамчыңыз!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: