Чүйдүн Луговое айылындагы бейбаштык окуясы боюнча экинчи шектүү кармалды
Аламүдүн районунун Луговое айылындагы бейбаштык окуясы боюнча экинчи шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 10-июнь күнү саат 21:30 чамасында Луговое айылындагы "Миг" дүкөнүнүн жанында белгисиз адамдар 1994-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаранды эч себепсиз сабап кетишкен. Сабалган жаран мыйзам чегинде чара көрүү боюнча арыз менен Аламүдүн РИИБге кайрылган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Иштин алкагында бул кылмышка шектүү катары Ленинское айылынын тургуну 1992-жылы туулган К.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу.
Тергөөнүн жүрүшүндө 11-июнь күнү бул кылмышка шектүү катары экинчи жаран, Ленинское айылынын тургуну 1998-жылы туулган К.К. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.