super.kg logo

"О!Деньгини" бүт өлкө боюнча терминалдар аркылуу накталатып алса болот!

 

«О!Деньги» финансылык сервиси кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн инновациялык төлөм чечимдерин түзүүнү улантууда. Капчыктын колдонуучулары өз которууларын капчыктарга жана карталарга заматта жөнөтүп, тиркемеден 1500дөн ашуун кызматтарды төлөп жана 2500 түйүндөн QR менен төлөөдөн кешбэк ала алышат.

Мындан тышкары, капчыктагы акча каражаттарын накталатуу үчүн эми атайын накталатуу кызматы бар терминалдардан накталатып алса болот. Нактаматтар керектүү кызматтарды төлөөгө гана эмес, дароо смартфондон паспортсуз, картасыз жана банкка барбай туруп нак акча алууга да мүмкүндүк берет.

«О!Деньгини» нактамат аркылуу кантип накталатып алса болот?

Видео нускамасын көрүңүз.

1. Нактаматтын экранынан «О!Деньги накталай берүү» баскычын тандаңыз.

2. Керектүү сумманы көрсөтүңүз.

3. «Мой О!» тиркемесин ачып, QR-кодду сканерлеңиз.

4. Операцияны ырастап, накталай акчаны алыңыз.

Кызматтын комиссиясы канча болот?

· Айына 15 000 сомго чейин комиссиясыз накталатып алса болот.

· 15 001 сомдон 80 000 сомго чейин – 0.5%.

· 80 001 сомдон өйдө – 1%.

Канча суммадагы накталай акча алса болот?

· Онлайн идентификацияланган колдонуучулар үчүн: айына 30 000 сомго чейин.

· O!Store’дон идентификацияланган колдонуучулар үчүн: айына 800 000 сомго чейин.

Нактаматты кайдан тапса болот?

Азыркы учурда бүт өлкө боюнча Globus жана О!Store дүкөндөрүндө 70тен ашуун нактамат орнотулду.

Бардык түйүндөрдүн даректерин 2ГИС тиркемесиндеги картанын издөө сабынан «Нактамат» деп белгилеп тапса болот.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: