super.kg logo

Бишкек көчөлөрүндө жол чийиндери жаңыланууда (фото)

 

"Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жол чийиндерин жаңылоодо. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирет.

Белгиленгендей, учурда А.Токомбаев көчөсүн бойлой Чортеков көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейин жана Масалиев көчөсү менен Байтик Баатыр көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки түз жана үзүк-сызыктардын боёгун жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ушундай эле жумуштар А.Токомбаев көчөсү менен Чортеков көчөсүнөн Манас проспектисине чейин, Фучик көчөсү менен Аска-Таш көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин жана Профсоюз көчөсү менен Фучик көчөсүнөн П.Лумумба көчөсүнө чейин бүткөрүлдү.

"Шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун ыңгайлуулугу үчүн Щербаков көчөсүн бойлой М.Ганди көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейин жана Токомбаев – Шералиев, Токомбаев – Кара-Кужур, Токомбаев – Репин көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө адамдар өтүүчү жол чийиндери жаңыланууда"- деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле оңдоп-түзөөдөн кийин Сыдыков көчөсүнө, Кой-Таш чолок көчөсүнө, Пархоменко көчөсүнө жана Новгородская көчөсүнө жол сызыктары чийилди.

Мындан тышкары, Ч.Валиханов көчөсүн бойлой ИИМ Академиясынын маңдайына добуш чыгарган чийиндер (шумовые полосы) тартылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: