super.kg logo

Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн негизги долбоорлору талкууланды

 

Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков Бельгиянын Кыргызстандагы элчиси Анри Вантигем менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Бишкек шаарын жакынкы жылдарда өнүктүрүүнүн негизги долбоорлорун жана пландарын, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү боюнча өз ара мүмкүнчүлүктөрдү жана келечектүү тармактарды талкуулашты.

"Анда транспорт жана инженердик тармактарын өнүктүрүү жана модернизациялоо үчүн энергияны үнөмдөө, натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн акылдуу технологияларды киргизүү тууралуу сөз болду. Мындан тышкары ар кандай инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери козголду", - деп билдирди мекемеден.

Белгилей кетсек, жолугушууга Валлон экспорт жана чет элдик инвестициялар агенттигинин директору Ричард Ив, соода боюнча кеңешчиси Айжан Мусаканова, Бельгиянын Бишкектеги ардактуу консулу Лоренц, юридикалык фирмасынын өнөктөшү Чынара Есенгелдиева, Фламанддын аймактык менеджери Барт ван ден Босх катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: