super.kg logo

Чүйдө диний-экстремисттик кыймылдын активдүү мүчөлөрү кармалды

 

Чүйдө "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик кыймылынын 15 активдүү мүчөсү кармалып, алардын башчысы камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматта Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында тыюу салынган "Йакын-Инкар" ДЭКнун мүчөлөрү тарабынан экстремисттик уюм түзүү фактысы аныкталганы айтылды.

"Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 2-бөлүмү ("Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо") боюнча козголгон кылмыштын негизинде 9-июнда диний-экстремисттик кыймылдын 12 активдүү мүчөлөрү жашаган жеринде издөө иш-чаралары жүргүзүлдү", - дешти мекемеден.

Ага ылайык, экстремисттик мүнөздөгү тыюу салынган материалдардын олуттуу көлөмү табылган. Анын негизинде 15 жаран ИИБ жеткирилип, алардын Г.Ю. аттуу башчысы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, башка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: