super.kg logo

Кыргызстанда алгачкы "Мекен-карта" тапшырылды

 

Бүгүн, 12-июнда Cанариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов Орусиянын жараны Исанбек к. Ж. аттуу жаранга биринчи «Мекен-картаны» тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин сайтында жарыяланды.

Маалым болгондой, Исанбек к. Ж.нын ата-энеси Кыргызстандын жарандары болушат.

Белгилей кетсек, «Мекен-карта» долбоору мурда өлкөнүн жарандары болгон чет элдик жарандарга, алардын балдарына жана неберелерине мекендеш статусун алууга, өлкөдө калуу үчүн бардык артыкчылыктардан пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет. Болгону аталган жарандар шайлоодо добуш берүү укугуна ээ боло алышпайт.

“Мекен-картанын” ээлери өлкө аймагынан визасыз кете алат/кире алат, транзит менен өтө алат, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан сырткары саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагында Кыргызстандын жарандары менен бирдей акы төлөнүүчү кызматтарда иштей алышат.

Эске салсак, "Мекен-картаны" алуу үчүн документтерди кабыл алуу өлкөнүн чет мамлекеттердеги пасспорттоштуруу бөлүмдөрүндө, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө, Калкты каттоо департаментинин алдындагы аймактар аралык бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: