Өлкөдө кургакчылыктан улам жазгы-талаа иштерин жүргүзүү темпи төмөндөдү
Кыргызстанда кургакчылыктан улам жазгы-талаа иштерин жүргүзүү темпи төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 23-майына карата республика боюнча жалпысынан 661 миң гектарга жакын жаздык эгин себилди, бул өткөн жылга караганда 6 миң гектарга аз.
23-майына карата жаздык өсүмдүктөрдү түрлөр боюнча себүү
Өткөн жылдын ушул эле күнүнө карата жаздык өсүмдүктөрдүн себилген аянттарына карата азайышы май өсүмдүктөрүнүн – 14 пайыз, дан буурчактар – 11 пайыз, пахта өсүмдүктөрүнүн - 10 пайыз, көп жылдык чөптөр - 3 пайыз, жаздык буудайдын жана жаздык арпанын – 1 пайыз кыскарышына байланыштууу болду.
Ошондой эле кант кызылчасынын айдоо аянты 4 миң гектардан ашык, дандык жүгөрү - 4 миң гектарга жана картошка - 0,5 миң гектарга көбөйдү.
Жаздык эгиндердин жалпы аянтында эң чоң салыштырма үлүшү Чүй облусунун чарбаларына 34 пайызга жогору, Ош облусунун чарбаларына 15 пайызга, Ысык-Көлд облусунун чарбаларына 14 пайызга жана Жалал-Абад облусун чарбаларында 13 пайызга туура келди.
23-майына карата жаздык өсүмдүктөрдүн аймактар боюнча себилиши
Учурда Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Талас облустарынын айрым айыл аймактарында жаздык эгиндерди себүү иштери улантылууда.
Маалымат үчүн: 2022-жылы 2023-жылдын түшүмү үчүн күздүк эгиндердин себүү айянты 141 миң гектардан ашыкты же 2021-жылга карата 100 пайызды түздү. Анын ичинен Талас облусунун чарбаларында күздүк өсүмдүктөрдү себүү 20 пайызга жана Ысык-Көл облусунда 38 пайызга көбөйдү.


