super.kg logo

 Өлкөдө желим баштыктарга мыйзам менен тыюу салуу сунушталды

 

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети бүгүнкү, 12-июндагы отурумунда "Кыргызстандын аймагында желим баштыктарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду.

Жыйындын жүрүшүндө мыйзам долбоору боюнча депутат Марлен Маматалиев маалымат берди. Ал белгилегендей, полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында мыйзам долбоорлору иштелип чыккан.

Мыйзам долбооруна ылайык, желим баштыктардын ордуна биологиялык жактан ажыроочу таңгактарды колдонуу сунушталууда. Ошол эле учурда полимер материалдардан жасалган бир жолу колдонулуучу желим баштыктарды алып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу каралууда.

Эл өкүлдөрү бул мыйзам долбоорун колдоп, полимердик материалдардын адамдын ден соолугуна тийгизген зыянын азайтуу керектигин белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: