Калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров Бириккен улуттар уюмунун делегациясы менен жолугушту
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров бүгүн, 12-июнда Бириккен улуттар уюмунун делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууга БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Граве Антье жана БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координаторунун кеңсесинин жетекчиси Алам Мунавар катышты.
Тараптар бир катар долбоорлор боюнча кызматташуунун келечегин, ошондой эле БУУнун өнүктүрүү эсебинен ишке ашырылып жаткан "Ыктыярдуу жергиликтүү саресеп салуу: Чыгыш Европада жана Борбордук Азияда жашыл, туруктуу шаарды калыбына келтирүү үчүн далил" долбоорун талкуулашты.
Маалымат үчүн: Ыктыярдуу жергиликтүү саресеп салуу - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда жетишилген прогресс жөнүндө отчет берүүгө, ошондой эле башка шаарлар жана өлкөлөр менен тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берет.

