super.kg logo

Өткөн аптада 161 мас айдоочу кармалды

 

Өлкө аймагында жума ичинде 5-июндан 12-июнга чейин 18 627 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.

Анын ичинен мас абалында унаа айдагандар 161 адам, авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандар 36, тийиштүү документтери жок унаа айдагандар 229, белгиленген ылдамдыктан ашырып айдагандар 2940ты түздү.

"Мындан тышкары, жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар 423, транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу 5288, авто ээнбаштык 11, жалган мамлекеттик номуру менен жүргөн 3 учур катталды", - деп айтылат билдирүүдө.

Башка жол эрежелерин бузуу фактылары 9539ду түздү. Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1218 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: