super.kg logo

Парламент төрагасы казак кесиптештерине токой өрттөрүнөн курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстан парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошановго адамдардын өлүмүнө алып келген өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирет.

Казакстандын чыгышында катталган өрттүн кесепетинен токой чарбасынын бир топ кызматкерлеринин каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке ѳзүмдүн атымдан маркумдардын жакындарына көңүл айтуу менен бирге жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалайм.

Сиздердин ушул күндөрдөгү кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз жана бир тууган казак элине сабырдуулук тилейбиз”, - деп айтылат төраганын телеграммасында.

Белгилей кетсек, Казакстандын чыгышындагы токойлордон өрт чыгып, анын кесепетинен 14 адам каза болгон.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 12-июнду өлкөнүн чыгышындагы ири өрт кырсыгында каза болгондор үчүн улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: