super.kg logo

Бишкек мэри курулуш компаниялардан калаанын түштүгүндөгү жолдорду курууга жардам сурады

 

Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров калаанын түштүк тарабын пландоо зонасында объектилери жайгашкан курулуш компаниялардын өкүлдөрү жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, мэр өз сөзүндө чарчы метрдин баасы өнүккөн инфраструктурага – бала бакчаларга, мектептерге, дүкөндөрдүн жакындыгынан, ыңгайлуу кирүүчү жолдорго, көчөлөргө түздөн-түз көз каранды экенин белгиледи.

Ошондой эле түштүк пландоо зонасында азыркы учурда объектилери курулуп жаткан же курууну пландаштырып жаткан курулуш компанияларын өздөрүнүн турак жай комплекстерине алып баруучу жолдорду курууга көмөктөшүүгө чакырды.

"Курулуш компанияларынын өкүлдөрү мэрдин бул пикири менен макул болуп, жол салууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Өз кезегинде алар менен да өз-өзүнчө жолугуп, алдыдагы пландарды талкуулоо чечими кабыл алынды.

Жыйында "Бишкекбашкыархитектура" мекемесинин башчысы Урмат Карыбаев биринчи кезекте кайсы жолдорду курууга болорун айтып, презентацияда көрсөттү. Бул Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн уландысы, Куттубаев, Молдобасанов жана борбор калаанын жогорку бөлүгүндөгү аты жок көчөлөргө асфальт төшөө зарылдыгы", - деп айтылат маалыматта.

Октябрь райондук администрациясынын башчысы жуманын аягына чейин курулуш аянты боюнча алдын ала эсептөөлөрдү жана анализдерди берүүгө даяр экенин билдирди. Жол курулушунун көлөмүн чарчы метрге болжолдуу бөлүү чечими кабыл алынды.
Учурда түштүк пландоо зонасында 34 курулуш компаниясы курулуш иштерин жүргүзүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: