super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров: "Борбор Азияда жок курал-жарактардын жаңы түрлөрүн сатып алдык" 

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 13-июнда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын ачып жатып, өлкөнүн Куралдуу күчтөрдү өнүктүрүү маселелерине токтолду.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын чек арасында жана Борбор Азиянын алыскы аймактарында жалпысынан биздин өлкөгө түз дагы, кыйыр түрдө дагы таасир эткен ар кандай процесстер жүрүп жатканын белгиледи.

"Дүйнө жүзүндө болуп жаткан чакырыктар менен коркунучтардын маалында өлкөбүздүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуубуз өтө маанилүү! Сиздер билгендей, мамлекетибиздин коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттырууга чоң күч жумшап, бир топ иштерди жүзөгө ашырып жатабыз. Акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу чек арабызды жана биздин жарандарыбызды коргоо үчүн зарыл болгон заманбап куралдарды өзүбүз сатып алдык. Бул бир гана “Байрактар” учкучсуз учуучу аппараттары эмес, башкалары да бар. Анын ичинде биз өнөктөш жана союздаштарыбыздан Борбор Азияда азырынча андай аналогдору болбогон курал-жарактардын жаңы түрлөрүн сатып алдык", - деди Жапаров.

Ошондой эле ал мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун үстүндө талыкпай иштөөнү уланта беришерин билдирди.

"Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн өлкө экендигин өзгөчө белгилеп кетким келет. Биз кайсы бир башка өлкөгө кол салуу максатын көздөбөйбүз, андай ниетибиз да жок. Кандай гана чыр-чатак болбосун, аны алдын алууга же бир гана дипломатиялык жол менен чечүүгө болот деп эсептейм. Биз ички жана тышкы саясатта дал ушул принципти карманабыз. Ошол эле учурда бизге карата куралдуу агрессия көрсөткөндөр болсо, анын кесепетинен жарандарыбыз курман болуп жатса, үйлөрүбүз жана башка инфратүзүмдөрүбүз талкаланып өрттөлүп жатса, биз андайга жөн гана байкоо салып отура албайбыз. Биз кандай гана агрессор болбосун тиешелүү жооп кайтарууга даярбыз", - деди президент.

Мамлекет башчысы азыркы учурда, тилекке каршы, дүйнө жүзүндө кыйын кырдаал түзүлүп жатканын, ал региондук эле эмес, глобалдык деңгээлде да тез өзгөрүп, аскердик-саясий аракеттер менен коштолуп жатканын кошумчалады.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: