super.kg logo

Өлкөдө адам жүзүн тааныган видеокамералар аркылуу издөөдө жүргөн 57 адам кармалды 

 

Өлкөдө 2-июндан бери адамдардын жүзүн таануучу сырткы видеокамералар аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн 57 адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, кармалган жарандар маалымат базалар аркылуу текшерилип, каттоого алынган.

Алардын арасында КМШ өлкөлөрүндө ар кандай кылмыштарды жасаган, анын ичинде уурулук, алдамчылык, документтерди жасалмалоо, тоноо, опузалоо, адам уурдоо, адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы, денеге атайылап оор залал келтирүү фактылары боюнча айыпталып, мамлекеттер аралык издөөгө алынганы бар. Айрымдары мындан 8-9 жыл мурда издөөгө алынганы да маалым болгон.

Учурда Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы, Коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борбору, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы, ошондой эле башка кызматтары жана бөлүмдөрү биргелешип иш алып барууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: