Туристтик сезонго байланыштуу коомдук транспорттор текшерилип жатат
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү жайкы туристтик мезгилге карата коомдук транспортторду текшерүүдө. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаар жана аймак аралык каттамдарга чыккан чет өлкөдөн келген конокторду жана жарандарды ташыган автобустардын жана кичи маршруттардын техникалык абалы текшерилди.
Тактап айтканда, коомдук транспорттордун айдоочуларынын кан басымы, наркологиянын көзөмөлүнөн өтүүсүнө карата текшерүү иштери жүрдү. Мындан тышкары унаалардын техникалык абалы да текшерилди.
Эске салсак, буга чейин коомдук транспортторго карата рейддик иш-чаралардын негизинде жалпы 28 миң 142 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:41
2025-07-04

10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.