Бишкектин кургак жана суусу аз аймактарын мындан ары сугат суу менен камсыз кылуу үчүн шаарга жаңы 6 скважина куруп, бургулоо пландалууда. Бул тууралуу калаа мэриясынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, “Бишкек суу чарба” муниципалдык ишканасы Профсоюз-Нарвская, Л.Толстой-Логвиненко, Жайыл-Баатыр-Чортеков, Ахунбаев-Көк-Жаңгак, Ауэзов-Анкара көчөлөрүнө, Театр гүл бакчасына 6 жаңы скважинаны бургулоону пландоодо.

"Учурда Профсоюз көчөсүндө жаңы скважинаны бургулоо иштери башталды. Анын тереңдиги 120 метр, кубаттуулугу секундасына 65 метр куб сууну, бул секундасына 17 литрди түзөт", - дешти мекемеден.

Белгилей кетсек, аталган скважинанын аркасында Профсоюз көчөсү жолдун эки тарабы толугу менен сугарылат.