Бишкек шаарынын Манас проспектисинде өз билемдик менен курулган объектилерди бузуу иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, демонтаждоо иштери Бишкек мэринин орун басары Нурдан Орунтаевдин көзөмөлүндө жүрүүдө.
Бузуу иштерине «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү катышууда. Иштин жүрүшүндө жалпы аянты 15 чарчы метрди түзгөн кире бериш топтор жана бастырма алынды.
Эске салсак, буга чейин Манас проспектисин бойлой Биринчи Май району тарабынан 20дан ашык мыйзамсыз орнотулган объекттер демонтаждалган.