super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров: “Погончон кылмышкерлерге эч кандай кечирим болбойт"

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 13-июнда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында “погончон кылмышкерлер” менен тынымсыз күрөш жүрүп жатканын билдирди.

"Ата Мекенине кыянаттык кылып, мамлекетке зыян алып келгендерге кайда, кандай кызматтарды ээлегенине карабастан, сөзүбүз кыска, мамилебиз кескин болот. Билесиздер, күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын өздүк курамынын арасында мындай “погончон кылмышкерлер” менен тынымсыз күрөш жүрүп жатат. Мындайдар аныкталып, жолу торолуп, бөгөт коюлуп, аларга карата кылмыш иши козголуп, камакка алынууда", - деди Жапаров.

Мамлекет башчысы мындай күрөш жеке эле аскер кызматкерлеринин арасында эмес, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, соттордун, прокуратура, улуттук коопсуздук, бажы жана башка органдардын кызматкерлеринин арасында да жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

"Мыйзам бузган же пара талап кылган ким болбосун – алар улуттук коопсуздугубузга доо кетирип, коргонуу жөндөмдүүлүгүбүзгө сокку урган болуп эсептелет. Андайларды биз кечирбейбиз, алар мамлекеттин каарын жон терилери менен сезиши керек. Аскер кызматкери болобу, же чиновник болобу, же укук коргоо жана атайын органдардын кызматкерлери болобу биздин коргонуу жөндөмдүүлүгүбүзгө доо кетире турган болсо эң катаал жазага тартылат. Дагы бир жолу кайталайм, андай Ата Мекендин чыккынчыларына эч кандай кечирим болбойт", - деди ал.

Президент Жапаров мамлекеттин мүлкү, казынасы, каражаты 33 жылдан бери ар кандай жолдор менен уурдалып, тонолуп келгенин кошумчалады.

"Ошол үчүн мамлекетибиз алдыга жыла албай, өнүгө албай, ушундай акыбалга жетти. Мындан ары буга жол бербейбиз. Мындан ары уурдаган сумманы эки эсе эмес, 5-10 эселеп кайтартканга болгон күчүбүздү жумшайбыз, мыйзамдуу жолдорун табабыз. Балким жаңы мыйзам чыгарабызбы, айтор биз ошого баратабыз", - деди өлкө башчы.






Коопсуздук кеңешинин жыйыны 13.06.23.

Коопсуздук кеңешинин жыйыны 13.06.23.

Коопсуздук кеңешинин жыйыны 13.06.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: