Садыр Жапаров Италиянын премьерине Сильвио Берлусконинин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 13-июнда президент Садыр Жапаров Италиянын премьер-министри Джорджа Мелониге өлкөнүн мурдагы премьер-министри Сильвио Берлусконинин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирет.
“Италия Республикасынын мурдагы премьер-министри Сильвио Берлусконинин дүйнөдөн мезгилсиз кайтыш болгонуна байланыштуу чын дилимден көңүл айтам. Ал өлкөнүн тарыхында чоң из калтырган лидер жана Италиянын чыныгы патриоту болгон. Анын элеси Италия элинин жүрөгүндө түбөлүккө калат. Биз Сильвио Берлусконинин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, кайгысын жана жоготуусун тең бөлүшөбүз”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

19:16
2025-07-03

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.