Түркиянын жараны кошунасынын 4 жашар баласын атып алды
Түркиялык жаран мылтыгын тазалап жатып кошунасынын 4 жашар баласын атып алды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, окуя Түркиянын Адыйаман аймагындагы Тахта районунда болгон. Анда 36 жаштагы М.Т. аттуу жаран балкондо мылтыгын тазалап жатып, капысынан кошунасынын 4 жашар баласын атып алган. Ал денесинин бир нече жеринен жаракат алган.
Жабырлануучу окуя болгон жерден "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Учурда баланын абалы тууралуу маалымат айтыла элек.
Ал эми шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-06-27
23:28
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.