Бишкек шаарындагы Мидин Алыбаев көчөсү толугу менен оңдолууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, узундугу 740 погон метрди түзгөн Мидин Алыбаев көчөсүнүн Кривоносов көчөсүнөн Осмонов көчөсүнө чейинки бөлүгү «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан оңдолууда. Анда тротуар куруу, ирригация системасын орнотуу жана жолду 7 метрге кеңейтүү пландалууда.

"Учурда Осмонов көчөсүнөн Крылов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө иштер жүрүп жатат. Көчөнүн бул бөлүгүндөгү эски асфальттарды кырып бүттүк, жашыл жерлерди сугаруу үчүн ирригациялык системаны орноттук, жол бордюрларын орнотуп, тротуарды иретке келтирип баштадык", - дешти мекемеден.

Белгилей кетсек, учурда «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы эскилиги жеткен суу түтүктөрүн алмаштырууда. Аталган көчөдө жалпысынан 375 погон метр суу түтүктөрү алмаштырылат.