super.kg logo

"Кесип кылып алышкан". Ош милициясы шаарда кайырчылар көбөйгөнүн эскертти 

 
Ош шаарында кайырчылыкты кесипке айлантышып, оӊой оокатка кынык алышкан адамдарга профилактикалык иш чаралар өтүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Алар жол кыймылына кооптуу жагдай түзүшүп, келген туристтерге жагымсыз пикир калтырышууда.
"Ош шаарынын аймагында кайыр сурап жүргөн адамдардын көбөйүп бара жаткандыгы байкалууда. Алардын көпчүлүгү кайырчылыкты кесипке айлантышып, акча табуунун оӊой жолун тандап алгандар. Арасында жалган жерден дары үчүн же операция үчүн акча топтоп жүргөндөрү дагы жок эмес. Салт катары муундан муунга өткөрүп, кесип катары кабыл алып келе жаткан топтор дагы бар", - деп жазылат билдирүүдө.
Мындай категориядагы адамдар биринчиден жол бойлоруна чыгышып, же унааларды аралап кайыр сурашып, жол кыймылына кооптуулукту жаратып жатышат. Сырттан келген туристтер үчүн дагы шаар тууралуу жагымсыз пикирлердин жаралуусуна себеп болушууда.
"Бир шылтоону (дарыга же операцияга дешип) бир нече жылдап эски сүрөттү көтөрүшүп кайыр сурагандар бар.
Жогорудагы факторлорду эске алуу менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан 2 күндөн бери «Кайырчы» деген аталыштагы профилактикалык иш-чара өткөрүлүп жатат. Милиция кызматкерлери кайырчылардын аты-жөнүн аныкташып, алар менен маектешүүлөрдү өткөрүшүүдө. Эки күн аралыгында Ош ШИИБинин кабыл алып бөлүштүрүүчү жайына 23 адам (13 эркек, 10 аял) алынып келинди. Алардын төртөө коӊшу мамлекеттен келген адамдар. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соӊ өз мекенине жөнөп кетишти", - деп билдирди Ош ШИИБи.
Ош шаарынын аймагында милиция кызматкерлери кайырчылык менен алектенишкен жарандарды мындай иштен баш тартып, башка жумуштарды табуу аракетин көрүүнү сунуш кылышып, профилактикалык иш-чараларды, маектешүүлөрдү тынымсыз өткөрүшүп келишет.
Кайырчылыкты кесип кылышып, оӊой жашоого үйрөнгөн жарандарга мыйзамдарда эч кандай олуттуу жаза каралган эмес.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: