Сот жана прокурорлордун ишмердүүлүгүн кароо боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Курамы
Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңеште мыйзамсыз соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулгандар боюнча соттордун жана прокурорлордун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.
Комиссиянын төрагасы болуп депутат Жусупбек Коргонбай уулу, ал эми анын орун басары катары Арсланбек Малиев шайланды.
Комиссиянын курамына депутаттар Фархат Исмаилов, Султанбай Айжигитов, Бакыт Тентишев, Марат Мураталиев, Эмил Токтошев, Нилуфар Алимжанова кирди. Ошондой эле комиссиялык курам Жогорку Кеңештин эксперттери, Акыйкатчынын, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү менен толукталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:39
2025-11-25
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















