super.kg logo

Ошто курулушу 8 жылга созулган бала бакча иштей баштады (фото)

 

Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагынын Талдык айылындагы заманбап бала бакчанын курулушу бүткөрүлүп, колдонууга берилди. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, аталган бала бакчанын курулушу 2015-жылы башталган. Бала бакчанын аянты 828,8 чарчы метрди түзөт, жалпы 60 балага ылайыкталып, эки кабаттан турат.

Долбоорго ылайык бала бакчада бөбөктөр үчүн санитардык нормаларды сактоо үчүн жана билим берүү программаларына ылайыкталган бардык шарттар каралган. Алсак, сабактарды жана оюндарды өткөрүү үчүн бөлмөлөр, уктоочу бөлмөлөр, кийим чечүүчү жайлар, ашкана, буфет, жашылча-жемиштерди жана кургак азыктарды сактоочу бөлмөлөр, санитардык түйүндөр бар.

Учурда бала бакчанын курулуш жумуштары толугу менен бүткөрүлүп, эмерек жана техникалык жабдуулары орнотулганы кабарланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: