"Рак клеткаларын козгоп, өлүмгө алып келет". Дарыгер электрондук тамекинин кесепетин эске салды (маек)
Акыркы учурда өлкөдө электрондук тамеки тарткан жарандардын саны көбөйгөнү айтылып келет. Буга байланыштуу парламент жыйындарында айрым эл өкүлдөрү электрондук чылымга тыюу салуу зарылдыгын байма-бай айтышууда.
Алсак коомчулукта электрондук чылымдардын "зыяны аз", "тарта берсе болот" деген да пикирлер бар. Бирок дарыгерлер буга каршы. Алардын айтымында, электрондук тамекилер суюктукту буулантуу жолу менен иштейт. Ал буулануучу суюктуктун курамында зыяндуу рак клеткасын козгой турчу никотин бар. Бул адамды өлүмгө да алып келиши мүмкүн.
SUPER.KG порталынын электрондук тамекинин ден соолукка тийгизген таасирлери боюнча суроолоруна Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун пульмонолог адиси Анара Калиева жооп берди.
- Электрондук тамекилер кадимки тамекиден эмнеси менен айырмаланат?
- Электрондук тамекилердин никотини жөнөкөй тамекилерге караганда көбүрөөк болот. Жөнөкөй тамекилерде 1 милли грамм никотин болсо, электрондук чылымдарда 3-5 милли граммга чейин кездешет. Электрондук тамеки айрыкча өспүрүм балдарга көбүрөөк зыянын тийгизет.
- Анын өспүрүмдөргө тийгизген терс таасирлери кандай?
- Ал өспүрүмдөрдүн өсүп келе жаткан мээсинин структурасын бузат. Андай балдардын эс тутуму, интеллекти бузулат. Ошондой эле ал балдардын окууга болгон мүмкүнчүлүгү жоголот. Мындан улам өспүрүм курактагылар үчүн зыяндуулугу жогору.
- Электрондук тамекини колдонгондор кандай ооруларга кабылышат?
- Муну колдонгондор көптөгөн айыккыс дарттарды арттырышат. Алар: инфаркт, инсульт, рак клеткаларын козгойт, кант диабетин, кан тамыр, өпкө ооруларына, гепартаникалык ооруларга, тукумсуздукка алып келет. Залалдуу шишик дарты айыккыс оору.
- Бүгүнкү күндө кош бойлуулар деле электрондук тамекинин түрлөрүн чегип жүргөнүн көрүп калабыз. Аларга да терс таасирин тийгизиши мүмкүнбү?
- Албетте, терс таасирин тийгизет. Бул чылымдын түрүн колдонгон кош бойлуу келинчектердин балдары түшүп калышы мүмкүн, түйүлдүктүн ичинде чарчап калуусу да ыктымал. Төрөлгөн наристелер ар кандай тубаса оорулар менен төрөлүшөт. Мурда кант диабети менен 50-60 курактагылар ооруса, бүгүнкү күндө тубаса кант диабети менен төрөлгөн балдар көп болууда.
- Дарыгерлер тарабынан электрондук чылымдын зыяндуулугу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турабы?
- Ооба, түшүндүрүү иштерин байма-бай эле жүргүзүп келебиз. Зыяндуулугу тууралуу бардык жакка барып айтып эле жатабыз. Бул тууралуу ар кандай телеберүүлөргө, радио уктурууларга да барып айттык. Мунун зыяндуулугу жогору экенин эч ким түшүнбөй жатпайбы. Болбой эле күндөн-күнгө колдонгондордун саны көбөйүүдө. Кантип токтотоорубузду деле билбей калдык.
- Электрондук чылымды колдонуп, ооруп сиздерге кайрылгандар да болдубу?
- Кайрылгандар көп эле. Айрыкча өспүрүмдөр ооруп кайрылышат. Бирок ата-энелери эч кимге айтпай эле коюңуздар деп суранышат, ошого биз ачык айта албайбыз.
Эске салсак, 12-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Эрулан Кокулов өлкөгө электрондук тамеки ташып келүүгө жана аны сатууга тыюу салууга чакырган. Ошондой эле бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги мыйзам долбоорун даярдап алып келсе, өзү колдоп, аягына чыгарарын кошумчалаган.
кошулду

