super.kg logo

Арча-Бешик жаңы конушуна ичүүчү суу белгилүү график боюнча берилет

 

Арча-Бешик жаңы конушуна ичүүчү суу белгилүү график боюнча берилет. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирет.

Суу төмөнкү график менен берилмекчи:

- 15-июнда саат 7.00дөн 23.00гө чейин конуштун жогорку бөлүгү;

- 16-июнда саат 7.00дөн 23.00гө чейин төмөнкү бөлүгү;

- 17-июнда саат 7.00дөн 23.00гө чейин жогорку бөлүгү;

- 18-июнда саат 7.00дөн 23.00гө чейин конуштун төмөнкү бөлүгү.

"Суу ташуучулардын цистерналары күн сайын дезинфекцияланып, "Аэропорт" суу алгычынан ичүүчү сууга толтурулат. Ар бир автоцистернада ичүүчү суунун сапатын көзөмөлдөгөн химиялык-бактериологиялык лабораториянын корутундусу бар", - деп белгилешти мэриядан.

Муниципалитет жарандарды провокацияларга, ар кандай божомолдорго, имиштерге ишенбөөгө чакырат.

"Ичүүчү суу боюнча абал оор, бирок Бишкек мэриясынын, "Бишкексууканалдын" көзөмөлүндө", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: