super.kg logo
  Саясат  

Соттордун жана прокурорлордун ишмердүүлүгүн текшерүүчү депутаттык комиссиянын алгачкы отуруму өттү

 

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңеште убактылуу депутаттык комиссиянын биринчи отуруму өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Комиссиянын төрагасы болуп депутат Жусупбек Коргонбай уулу, ал эми орун басарлыгына Арсланбек Малиев шайланды.

Отурумда комиссиянын мындан аркы иш пландары талкууланып, анын курамына Жогорку Кеңештин тийиштүү бөлүмдөрүнүн эксперттерин, Акыйкатчы институтунан, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор өкүлдөрдү кошуу чечими кабыл алынды.

Жусупбек Коргонбай уулу абакта отургандардан кабар алганын белгилеп, ал жактагы жагдайга токтолду.

“Соттолгон 40тай жаран менен жеке сүйлөшүп чыктым. Адам өлтүрүү сыяктуу өтө оор беренелер менен 14 жылга кесилген жаранды соттор мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу аркылуу, 1 жыл 9 айдан кийин чыгарып жиберишкен. Ал эми жеңил кылмыштар менен кармалган, маселен, 2700сом уурдаган жаран мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууну күтүп отурат. Абакта кармалган 54 жаштагы аялдын кашы, чачы түшүп калган. Рак оорусунун 3-стадиясы аныкталган, учурда химия алат. Бирок аны 4-стадияга өткөндө гана чыгарабыз дешет. Мына ушул сыяктуу мисалдар толтура”, - деди ал.

Ошондой эле эл өкүлү түрмөлөрдө турукташкан коррупциялык схема бар экенин айтып, комиссия мүчөлөрүн жигердүү иш алып барууга үндөдү.

“Кадимкидей базарга айланган. Бир жыл үчүн 2000-3000 доллар деген ставкасы бар. “Түрмө кожоюну” деген адам камактагы жаран тууралуу сотторго өтүнүч берет экен. Бул жерде комиссия мүчөлөрү, прокурор, сот баары өздөрүнүн үлүшүн алышат да, мөөнөтүнөн мурда чыгаруу чечимин чыгарып беришет. Эмне үчүн акчасы барлар жазадан кутулат, ал эми акчасы жок байкуштар абакта отуруш керек”,- деди Коргонбай уулу.

Талкууда комиссия мүчөлөрү көп багыттуу жана кеңири масштабдуу жумуш алып баруу зарылдыгын белгилешти.

"Эми мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандардан тышкары, тергөө абагында өкүмүн күтүп отургандар, соттолгондор жана башка иштер боюнча да тийиштүү органдардан маалымат алынмакчы", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында мыйзамсыз соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча соттордун жана прокурорлордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: