super.kg logo

Чек ара: Баткен жана Согди облусунун башчылары жолугушту

 

Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирет.

Жолугушууга Баткен жана Согди облусунун чектеш райондорунун акимдери жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Жетекчилер акыркы бир айдын ичиндеги чек арадагы кырдаалды талкуулашты.

Ошондой эле эки облустун деңгээлинде түзүлгөн жумушчу топтордун, белгиленген багыттар боюнча иш аракетин улантуусу белгиленди.

Жолугушууга УКМКнын Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев жана Тажикстандын Чек ара кызматынын башчысы Ражабали Рахмонали да катышып, өз багыттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптардын жолугушуусу биринчи кезекте чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо, коопсуздукту камсыздоо максатын көздөйт.

Жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймагында өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: